Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунун Кара-Жал айылынан көлгө чөгүп кеткен адам изделүүдө
Кырсык
Ысык-Көл облусунун Кара-Жал айылынан көлгө чөгүп кеткен адам изделүүдө

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кара-Жал айылында 29 жаштагы адам көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Издөө иштерине төрт куткаруучу тартылган. 18-июлда саат 19:40тар чамасында кишинин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген. ӨКМ сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерди сактоо керектигин эскертет.