Жаңылыктар
Камералар коюлбаган жерлерде жол кырсыктарынын саны өсүп жатат
Аймак
Камералар коюлбаган жерлерде жол кырсыктарынын саны өсүп жатат

 

 Вице-премьер-министр  Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Жол  кыймылынын коопсуздугун камсыздоо комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү.

Маалыматка ылайык, Республиканын  бардык аймактарында, «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашырылган участоктордон тышкары жерлерде жол кырсыктарынын өсүүсү байкалууда.

 Буга байланыштуу комиссиянын мүчөлөрү жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планында каралган иш-чараларды толук кандуу жана өз убагында аткаруу зарылдыгын белгилешти.

Мындан тышкары Комиссиянын жыйынында жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айыппулдардын айрым түрлөрүн өзгөртүүнүн максаттуулугу жөнүндө маселе каралды.  Комиссия мүчөлөрү  бузуулардын айрым түрлөрү үчүн айыппулдардын өлчөмүн азайтуу сунушуна макул болушту.  Жыйындын жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилди.