Жаңылыктар
Неймар үчүн "Барселона" клубу "ПСЖ" командасына 100 млн. евро жана оюнчуларын сунуштап жатат
Спорт
Неймар үчүн "Барселона" клубу "ПСЖ" командасына 100 млн. евро жана оюнчуларын сунуштап жатат

"Барселона" клубу Неймар үчүн "ПСЖ" командасына 100 миллион евро жана 6 оюнчунун экөөнү сунуштоодо. Sky Sport Germany телеканалынын маалыматына ылайык, каталониялык клуб 27 жаштагы оюнчу үчүн келишимди жакшыртты. Анда "Барселона" 100 миллион евро жана эки оюнчуну сунуш кылууда.

"ПСЖга" сунуш кылган алты оюнчунун сап башында чабуулчу Филиппе Коутиньо турат. Төмөнкү баадагы оюнчулар Иван Ракитич, Нелсон Семеду, Малкон сыяктуу футболисттер да сунушталууда.  

 Эскерте кетсек, Франциялык "ПСЖ" клубу "Барселона" тарабынан Неймарды Филиппе Коутиньо, Иван Ракитич жана 40 миллион еврого алмашуу боюнча сунушун четке каккан.