Жаңылыктар
Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси коррупцияга шектелип кармалды
Коррупция
Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси  коррупцияга шектелип кармалды

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун кеңешчиси Нурбек Жолборсов коррупцияга шектелип кармалды. Аны Аскер прокуратурасы колго түшүргөн. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Жолборсов Кылмыш кодексинин 43-берененин 3-бөлүгү (Кимдир бирөөгө Кылмыш жасоого багыт берүү) жана 319-берененин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча шектелип кармалган.

6-июлда Биринчи Май райондук сотунда Жолборсовдун баш каргоо чарасы тандалып №1 Тергөө абагына эки айга камалган. Ал эми, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, Жолборсов 2019-жылдын 1-июлунан тарта эмгек өргүүсүнө чыккан.