Жаңылыктар
Ысык-Көлдө багбандар өрүктүн түшүмүн жыйноодо
Айыл чарба
Ысык-Көлдө багбандар өрүктүн түшүмүн жыйноодо

Ысык-Көлдө "сары кыздын тою" башталды. Аймактын багбандары өстүргөн өрүгү ушул учурда Россиянын бир нече шаарларына экспорттолууда. Багбандардын билдиришинче быйыл өрүк орточо эсеп менен 38 сомдон дүңүнөн айланууда. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу он сомго көп. Себеби былтыр көпчүлүк дыйкандардын түшүмүн каттуу жааган мөндүр зыянга учуратып, өрүктүн баасы төмөн түшүп кеткен. 

Тоң районунун Ак-Өлөң айылындагы Нар-Суу айыл чарба кооперативи. Бул чарба жалпы сексен беш гектар аянтта өрүк, алма, кара өрүк жана шабдаалы өстүрөт. Мунун алтымыш гектарга жакынында бир нече сорттогу өрүк айдалган. Акыркы бир жумадан бери өрүктүн түшүмү жыйналып түз эле Новосибирск жана Москва шаарларына жөнөтүлүүдө. Багбан Арстанбек Сулайманбековдун айтымында быйыл өрүктүн өсүшүнө эч нерсе тоскоол болбой, түшүм чеке жылытаарлык болду. Баасы дагы былтыркыга салыштырмалуу он сомго жогору өткөрүлүүдө.

Өрүктүн терилишине Ак-Өлөң айылынын тургундары тартылган. Айыл элине дагы кылган эмгегине жараша жакшы акча төлөнүп берилип жатат. Айрым үй-бүлөөлөр бала бакырасы менен келип эртеден кечке эмгектенишүүдө. Быйыл “Нар-Суу” айыл чарба кооперативи өрүктөн эле эки жүз тоннага жакын түшүм алабыз деп турат. Бул өнөктүк бүткөндөн кийин башка мөмө жемиштин түшүмү кеч күзгө чейин жыйналат.

Тоң районунан сырткары, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунда да сары кыздын тою өтүп жаткан убак. Баба дыйкан бакчаларындагы өрүктү терип жыйнап, аны сатып кошумча киреше таап жаткан учур. Негизинен өрүктүн элүүдөн ашык түрлөрү бар. Анын жыйырмага жакын сорту Ысык-Көл облусунда өстүрүлөт.