Жаңылыктар
Япониянын Киото шаарындагы анимациялык студияда чыккан өрттөн 33 киши каза болду
Дүйнө
 Япониянын Киото шаарындагы анимациялык студияда чыккан өрттөн 33 киши каза болду

Күйүктөн жабыркап дагы 36 адам ооруканага түштү. Өрт, 18-июлда чыккан. Маалыматтарга караганда, 41 жаштагы жаран имараттын ичине бензин куюп, өрттөп жиберген. Бул тууралуу ал кармалгандан кийин айтып берген. 

Шектүү да ооруканада жатат. Полиция өрт болгон жерден бычактардын топтомун тапты. 

Бирок ал шектүүгө таандыкпы же жокпу, тактала элек. Өрттөлгөн "Kyoto Animation" студиясы 1981-жылы ачылган. Тасма өндүрүшү менен алектенет.