Жаңылыктар
Маевка айылындагы 15 жылдан бери чечилбеген жер талаш
Кыргызстан жаңылыктары
Маевка айылындагы 15 жылдан бери чечилбеген жер талаш

Аламүдүн районунун Маевка айылында 15 жылдан бери жер талаш маселесине чекит коюлбай келет. 90-жылдары үлүш катары бөлүнгөн жер аянтына нааразы тарап сотко чейин кайрылып көйгөйдү чечип берүүнү өтүнүүдө.

77 жаштагы Николай Бобров Маевка айылында 30 жылдан бери жашайт. Аймакта жайгашкан токойдогу жаныбарларды жана бакчаны коргоо менен алектенип келүүдө. Ал тарттырып ийген жер үлүшүн өзүнө кайра кайтарууну аракет кылып жатат.

Николай Бобров талашып жаткан жер тилкесинде эки жылдан ашык убакыттан бери айыл чарба курулуштары бар турак жай турат. Алардын азыркы ээлери колдорунда тиешелүү документтери бар экендиктерин белгилешет. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматына Николай Бобровдон кайрылуу келип тушкөнүн тастыкташты. Эми бул иш боюнча акыркы чечимди Жогорку сот чыгарат.