Жаңылыктар
Самара облусунда эмгектенген 69 өзбек жараны ууланып ооруканага жаткырылды
Дүйнө
Самара облусунда эмгектенген 69 өзбек жараны ууланып ооруканага жаткырылды

Россиянын Самара облусундагы мөмө-жемиштерди өстүрүү ишканасында эмгектенген 68 өзбек жараны «белгисиз затка уулануу» белгиси менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Башкы консулдукка шилтеме кылып ӨзбекстандынТышкы иштер министрлиги билдирди.


Ишкана жетекчилигинин өзбек консулдугуна билдиргенине караганда, ууланган мигранттардын бардыгы өлкөдө мыйзамдуу иштеп жүрүшкөн жана алар менен эмгек келишимдери түзүлгөн. 

« Өзбек жарандарынын дарылануусуна кете турган бардык чыгымдарды жумуш берүүчү ишкана өзүнө ала турганын билдирди. Консулдук абалды көзөмөлгө алып, ишкананын жетекчилиги жана жабыркагандар жаткырылган оорукана менен дайыма байланышта болууда», — деп билдирди өзбек Тышкы иштер министрлиги. 

Мурдараак Самара облустук тергөө комитетинин маалымат кызматы 16-17-июль күндөрү Өзбекстандан барган 46 мигрант уулануу белгилери менен жергиликтүү ооруканага жеткирилгенин кабарлаган. Анда мекеме мигранттар обочо жайгашкан үйдө жашап, тамак-ашты өзүлөрү жасаганы белгилеген. «Азыр окуянын чоо-жайы такталып жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгында процессуалдык чечим кабыл алынат», — деп билдирген облустук тергөө комитети.