Жаңылыктар
“Менин айылым” долбоорунун алкагында айыл өкмөтүнүн лидерлери окуудан өтүп жатат
Аймак
“Менин айылым” долбоорунун алкагында айыл өкмөтүнүн лидерлери окуудан өтүп жатат

Кыргызстанда  “Менин айылым” долбооруна  тандалып алынган 30 айыл өкмөтүнүн лидерлери атайын окуулардан  өтүүдө. 

Бул тууралуу  КРнын Өкмөтүно караштуу жергиликтүу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык  мамилелер боюнча агенттигинин  Ош шаары жана Ош облусу  боюнча өкулү  Зарлык Тургумбаев   “Биринчи радиого”  билдирди. Анын  белгилешинче, тандалган айылдар боюнча долбоорлор иштелип  жатат, август айынан тарта  жумуштар  жүргүзүлөт.

Эске салсак, Корея Республикасынын премьер министринин Кыргызстанга  расмий визитинин алкагында, Бишкекте “Менин айылым” аттуу  долбоордун    ачылышы  өттү. Ал   Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана жашыл экономиканы киргизүүдөгү Корея Республикасынын тажрыйбасынан алынган.