Жаңылыктар
Түндүк-түштүк алтернативалык жолду куруунун 1-фазасы аяктаганы калды
Аймак
Түндүк-түштүк алтернативалык жолду куруунун 1-фазасы аяктаганы калды

Түндүк-түштүк алтернативалык жолдун курулушу кызуу жүрүп жатат. Аптаптуу ысыкта жолчулардын иши кызуу жүрүп жаткан учур. 1-2-фазага кирген аймактарда асфальт төшөө жумуштарын жыл аягына чейин бүтүрүү тапшырмасы коюлган. 

“Азыр биз асфальттын температурасын өлчөп жатабыз. 140 градусту көрсөтүп жатат. Бул керектүү температура. Асфальттын тыгыздыгы, температурасы жана сапаты баары менин көзөмөлүмдө”, - деп билдирди жолчу Артыкбай Калматов.

Түндүк-түштүк альтернативалык жолу Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки ири долбоор эсептелет. Көк-Арт ашуусунда өлкөдөгү эң узун тоннель курулуп жатат. Анын узундугу 3890 метр. Ал Жалал-Абаддын Тогуз-Торо менен Сузак райондорун байланыштырат. Учурда куруучулар 2520 метр оюп киришти.

Рельефи катаал аймактарда жардыруу иштери уланууда. Балыкчы - Жалал-Абад жолунда эң масштабдуу жардыруу иштери аткарылууда. Жолдун 1-2-фазасын 2021-жылга толугу менен бүтүрүү пландалган. Ал эми 3-фазасы 2023-жылга чейин созулат.