Жаңылыктар
КР - Корея: ишкер чөйрөнүн ортосунда да кызматташтык өнүгөт
Саясат
КР - Корея: ишкер чөйрөнүн ортосунда да кызматташтык өнүгөт

Аймактарды өнүктүрүү, соода экономикалык байланыш жана туризм тармагы боюнча Кыргызстан Түштүк Корея мамлекети менен тыгыз кызматташтык алакасын түзөт. Бул тууралуу эки өлкөнүн өкмөт башчылары Бишкекте өткөн кыргыз корей бизнес форумунда баса белгилешти. 

Ушул аптада Кореянын премьер-министринин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында ишкер чөйрөдөгү кызматташуу тууралуу кеңири сөз болуп, мындан сырткары Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан “Менин айылым” долбоору боюнча баяндама жасалды.

Кыргызстан менен Корея эки тараптуу кызматташтыкты өкмөттүк деңгээлде гана эмес, ишкер чөйрөнүн ортосунда да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин бул өлкөнүн премьер-министри президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда белгиледи. 

Бул өз кезегинде Кыргызстанга түз инвестицияларды тартууга шарт түзмөкчү. Тараптар санариптештирүү, билим берүү жана маданият тармагындагы кызматташтыктын маанисин да өзгөчө белгилешти.

 Адистердин айтымында, Кыргызстан менен Түштүк Корея эки тараптуу кызматташтыктын потенциалын толугу менен пайдалана элек.