Жаңылыктар
Замирбек уулу дүйнө чемпионатында коло медалдын ээси болду
Спорт
Замирбек уулу дүйнө чемпионатында коло медалдын ээси болду

12-20-июль күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында болуп өткөн дүйнө чемпионатта Азизбек Замирбек уулу жаштар арасында пауэрлифтинг боюнча коло медалдын ээси болду. Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Ал биринчи 80 килограммдык штанганы көтөрө алган эмес. Экинчи жолку аракетинде көтөрүүгө жетишкен. Ал эми үчүнчүсүндө 88 килограмм көтөргөн америкалык спортчуга салыштырмалуу Азизбек 89 килограммдык штанганы көтөрүп ашып кеткен. Бирок калыстар тобунун чечими менен Азизбектин аракети эсептелген жок. Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Аднан Жабралиев калыстар тобуна апелляция берген. Калыстар эпизодду башынан карап чыгып, эреже бузууну көрүшкөн  эмес.

Азизбек Замирбек уулу өзүнүн 54 килограмм салмагында  күч сынашып, 4-орунга илинген. Жалпы жыйынтыкта Замирбек уулу дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.