Жаңылыктар
Сууда сүзүүчү Д.Петрашов Олимпиада оюндарына жолдомо алды
Спорт
Сууда сүзүүчү Д.Петрашов Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыргызстанга Олимпиада оюндарына катышуу үчүн алгачкы лицензия берилди. Спортчу Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга лицензия алды.

Бул тууралуу Сууда сүзүү боюнча улуттук федерациядан кабарлашты. Учурда Түштүк Кореянын Кванджу шаарында суу сүзүү боюнча дүйнөлүк биринчилик өтүп жатат.

20 жаштагы спортчу 100 метр аралыкты 1 бүтүн жүздөн 94 секундда сүзүп өтүп, Кыргызстандын жаңы рекордун жаратты. Эске салсак, Петрашов 2016-жылы да олимпиада оюндарына катышкан.