2019-жылдын биринчи жарымында микрокредиттик компаниялар 133 миңден ашык кишиге 6 млрд 215,5 миллион сомдук насыя берген. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.
Мурунку жылдын 1-кварталына салыштырмалуу насыя алгандардын саны дээрлик 37% өскөн. Ал эми берилген насыянын көлөмү 32% жогорулаган. Маалыматка ылайык, насыянын көпчүлүгү айыл чарбасын колдоого алынган.