Жаңылыктар
Медина шаарына миңден ашык кыргызстандык зыяратчы барды
Дин
Медина шаарына миңден ашык кыргызстандык зыяратчы барды

Кыргызстандык зыяратчылардын төртүнчү тобу Медина шаарына учуп барды. Учурда аталган шаарда 1,6 миң кыргызстандык жаран бар.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, зыяратчыларды коштоп кеткен ажы башчылар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ажы башчы Өскөнбай Каландаровдун айтымында, мейманканадагы бир бөлмөдө 4 адам жашап жатат.

«Коопсуздук эрежелери, жол кыймылынын эрежелери, башка өлкөдө өзүн кандай алып жүрүү керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Кыргызстанда да буларды түшүндүргөнбүз. Мединага келгенден кийин да зыяратчыларга кайрадан түшүндүрүп жатабыз», - деди ал.

Чүй облусунан барган зыяратчы Бушай Кадырова биринчи жолу Медина шаарына келди.

«Азыркыга чейин Медина шаарында экениме ишенбей жатам. Бул жерге зыяратка келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ойлогон эмесмин», - деди ал.