Жаңылыктар
“Тез жардам” кызматына кайрылгандардын саны көбөйдү
Ден соолук
“Тез жардам” кызматына кайрылгандардын саны көбөйдү

Абанын температурасы жогору болгон акыркы күндөрү “Тез жардам” кызматына кайрылгандардын саны көбөйдү. Кызматтын дарыгерлери билдиргендей, бир суткада болжол менен 600дөй чакыруу болууда.

"Көчөдө уктап, күнгө күйүп калган селсаяктар боюнча бир күндө 7-8 учур катталып жатат. Үйдө күндүн ысыгынан кан басымы, канты көтөрүлүп жатканы үчүн "Тез жардамга" чалгандар көп. Мындан сырткары күндүн ысыгынан кусуп, ичи өткөн балдар көбөйдү. Күнүгө 600дүн тегерегинде чалуу болсо, анын 200гө жакыны аба ырайына байланыштуу оорулар болууда" - деп айтылат маалыматта.