Жаңылыктар
Т.Усубалиевге окшош кишинин сүрөтүн илип койгондорго сөгүш берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Т.Усубалиевге окшош кишинин сүрөтүн илип койгондорго сөгүш берилди

Нарын шаарында мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевге окшош кишинин сүрөтүн илип койгон окуя боюнча “Таза Нарын” муниципалдык мекемесинин жетекчисине катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу шаар мэри Эмил Алымкулов билдирди. Анын айтымында, алгач баннерге Усубалиевдин сүрөтү илинген. Шамал учуруп кеткенден кийин баннер алмаштырылып, ошого окшош кишинин сүрөтү коюлуп калган. 

"Ал боюнча териштирдик, чара көрдүк. “Таза Нарын” ишканасынын директоруна катуу сөгүш берилди. Ага буюртма берип, алмаштырган балдардын ишин териштирүү тапшырмасы берилди. Эки күн мурда шамалдан улам банер айрылып калып, аны алмаштыруу боюнча буюртма берген экен. Сүрөттү интернеттен алышкан экен. Ошол жерден 4-5 сүрөт чыгып, жарыгырак жана түстүү сүрөттү тандап алышыптыр. Калганы ак-кара түстө экен. Ал бала өзү да Усубалиевди көрүп, тааныбаган бала го. Аны да текшерип илишпей, ушинтип уят кылышты. Азыр алмаштырылды. Типография өз эсебинен чыгарып, элден да кечирим сурады" - деди шаар мэри.