Жаңылыктар
Таласта Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлдү
Маданият
Таласта Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлдү

Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык жумушчу план, оюндардын ачылыш жана жабылыш концепциясынын долбоорун, спорттук жана маданий иш-чаралар жөнүндө жобону иштеп чыгуу тапшырылды. "Оюндардын маданий бөлүгү, этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар "Манас Ордо" комплексинде уюштурулат. Ал эми спорттук бөлүгү Алканов атындагы ат майданында болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Улуттук көчмөндөр оюндары быйыл Талас облусунда, ушул жылдын сентябрында өтөт. Аны жыл сайын уюштуруу пландалууда.