Жаңылыктар
Талапка жооп бербеген кичи автобустар каттамдан качан алынат?
Кыргызстан жаңылыктары
Талапка жооп бербеген кичи автобустар каттамдан качан алынат?

Борбор калаада Дордой базарына каттаган 185-маршруттук каттамдагы кичи автобустардын талапка жооп бербестигин жана айдоочулардын унаа башкарып бара жатып телефон менен көп сүйлөшө тургандыктарын калаа тургуну тасмага тартып жөнөткөн.

"Маршрутка адам түшөөрлүк эмес. Ичи тышынын бары чаң, ар жеринен жамалган, эшиги араң жабылат. Айдоочусу болсо кимисинин артынан кимиси айдап бара жатканын бири-бирине кабарлашып, колдорунан телефон түшпөйт. Ушудай маршруткаларды каттамдан алып эле таштаса жакшы болмок",- дейт шаар тургуну.