Жаңылыктар
Талас облусундагы аймактарды өнүктүрүү жылындагы алгылыктуу иштер
Аймак
Талас облусундагы аймактарды өнүктүрүү жылындагы алгылыктуу иштер

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Талас облусунда да алгылыктуу жумуштар арбын. Ички жолдор оңдолуп, социалдык объектилер курулуп жатат. Жыл аягына чейин “Жерүй” кени ишке кирсе аймактын социалдык-экономикалык абалы да оңолору бышык. 

Эски асфальтты эки жума мурда сыйрыган жолчулар азыр атайын техника менен жолду сүрүп, таптап жатат. Жумушчулар жолдун жазылыгын да 12 метрге чейин кеңейткен. Жолду салуу жумуштарына каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Жалпы баасы 13 миллион 800 миң сомду түзөт. Ыкчам иштеп жактан жумушчулар жолду бир айдын ичинде бүтүрөбүз деп турушат.
Негизи бул жолдун жалпы узундугу 21 чакырым.бул Таластагы негизги жолдун бири. Мындан улам бул тилке аркылуу каттам көп болгондуктан жол аңгыл-дөңгүл болуп каттоого мүмкүн болбой калган. Курулуш жумуштары эң татаал деген тилкеде жүрүп жатат.

Соңку жылдары Талас облусу боюнча ички жолдорду салуу жумуштары ыраттуу жүрүүдө. Талас шаарынын ичинде былтыр 8 жарым чакырымдан ашык жол салынса, быйыл дагы үч жарым километр жол салынганы турат. Аны менен кошо эл аралык уюмдардын жардамы менен 7,5 чакырым борбордук саркынды суу түтүктөр түйүнү толугу менен оңдолгон.

2020-жылдын апрель айында Талас шаарынын эли жаңы бала бакчалуу болот. Өлкөбүз эгемендикке ээ болгондон бери Таластын борборунда бир да бала бакча салынган эмес. Ошондуктан бул саамалык жергиликтүү элди кубандырып турат. Себеби калктын саны жыл өткөн сайын көбөйүп жаткан маалда бала бакчага болгон муктаждык да жогору. Эки кабаттуу имараттын учурда бир кабатынын пайдубалы тургузулду.

Жылдын аягына чейин аймактагы эң ири делген Жер үй алтын кени иштей баштаса аймыктын экономикалык-социалдык көйгөйлөрү четтен чечилет. Учурда өндүрүш фабрикасы жана дагы башка объектилерди куруу жумуштары кызуу жүрүп жатат. Декабрь айында ишкана толук иштей баштаса Талас өнүктүрүү фондуна жылына ишкананын жалпы кирешесинин 2 пайызы которулуп турат. Бул кеминде 500-600 миллион сомдун тегереги болот.

Башкысы жаңы технология менен иштеп, коопсуздукту сактай турганында. Уулуу заттарды сактай турган жайдын астына атайын пленка төшөлүп жатат. Дагы бир жакшы жагы жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болот. Келишим боюнча “Жерүй” кенинде иштегендердин 90 пайызын жергиликтүү тургундар түзөт. Кенди иштетип жаткан инвесторлор буга чейин деле айылдын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө каражаттарды бөлүп келди - дейт Талас районунун акими.

“Жерүй” алтын кени тарабынан бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгүнө быйыл шаардагы сейил бак да жаңыланды. Бак-дарактардын, гүлдөрдүн жаңы көчөттөрү отургузулуп, элдин эс алуусуна мыкты шарт түзүлдү. Ошол эле учурда шаардын чарбалык жумуштарына зарыл болгон техникалар да сатылып алынган.