Жаңылыктар
Насыя берүүнүн эки модели иштелип чыкты
Экономика
Насыя берүүнүн эки модели иштелип чыкты

Мамлекеттик ипотекалык компания элди жеткиликтүү турак-жай менен камсыз кылуу боюнча кредит берүүнүн дагы эки моделин иштеп чыкты. Ага  ылайык, жарандардын жеке үй куруусу менен турак-жайын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. Мындай жаңы ыкма  жер-жерлерден жарандардан түшкөн кайрылуулардан кийин ишке киргизилгени жатат-дешет адистер.

Элди арзан  турак-жай менен камсыз кылуу максатында ири кадам жасалып, Мамлекеттик "Жеткиликтүү турак жай" программасынын алкагында жарандар узак мөөнөткө ипотекалык насыя алышууда. Ипотеканы 21 жаштан 65 жашка чейинки жарандар алып, күрөөгө жаңы сатып алынган турак жай коюлат. Ал милдеттүү түрдө камсыздандырылышы шарт. Ал арада Мамлекеттик ипотекалык компания дагы эки кредиттик моделин ишке киргизүүнү көздөп жатканын мекеменин башкармалыгынын төрагасынын орун басары  Нуржигит Усенакун уулу билдирди.Анын айтымында, алгачкы моделдин алкагында жаранадарга жеке үй курууга мүмкүнчүлүгү берилет.  

Мамлекеттик ипотеканы берүү боюнча талапка ылайык, арзан турак-жайлуу болуш  үчүн албетте мамлекеттик кызматта иштеп, 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбага ээ болуу керек. Дагы бир негизги талап турак-жайы жок болушу керек жана ипотекага бериле турган батирдин наркынын алгачкы төлөм акысын, тактап айтканда 30 пайызын төлөөгө туура келет. Ипотеканын пайыздык чени биринчи кезекте алгачкы төгүлчү акчанын көлөмүнөн  көз каранды болоорун РСК банкынын төрагасы Эркебай Мурзабеков эске салат.

Ошентип азыркы күндө ипотекалык насыя берүү иштери бардык өлкө аймагы боюнча жүрүп жатат.Азырынча жарандар бир гана модел менен насыя алып, даяр турак-жай сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө гана ээ болууда. Эми алдыда дагы жогоруда белгиленгендей эки медел  ишке киргени турат. Бүгүнкү күндө  насыя алуучулардын жалпы саны 185 адамды түздү. Негизинен алар өлкөнүн баардык аймагындагы социалдык тармактарда иштегендер. Алардын көбү мектеп мугалимдери, ден-соолук  сакчылары жана социалдык жумушчулар.Эске салсак, мамлекеттик ипотекалык насыя алууну каалагандарды каттоо уланып жатат. Кызыкдар болгон тараптар жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга кайрылышы керек.                             

М.Абдраманова, “Биринчи радио”