Жаңылыктар
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери менен жолугушту
Саясат
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери менен жолугушту

Сауд Арабиянын парламентинин спикери Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх менен Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушту. Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык өз ара аракеттешүүнүн мындан аркы келечеги талкууланды. Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясы – Кыргызстан үчүн артыкчылыктардын бири экенин, достук мамилелерге акыркы жарым жыл ичиндеги ар кайсы деңгээлдеги өз ара визиттер күбө болуп саналарын белгиледи.

Президент кызматташтыкты тереңдетүү боюнча аракеттер уланарын баса белгиледи. Ал соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, айыл чарба жана региондор аралык чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты. Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын Королу, Салман бин Абдель Азиз Аль Саудуга салам жолдоду. Сауд Арабия Королдугунун Аш-Шура Мажлисинин Спикери Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жемиштүү сүйлөшүүлөр өткөнүн белгиледи. 

Анын жүрүшүндө парламенттер аралык өз ара аракеттешүүнү активдештирүү чаралары эле эмес, эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бардык тармагы талкууланды. Ал мындан ары да өз ара аракеттешүүгө жана кызматташуунун эң эле келечектүү чөйрөлөрүн аныктоого даярдыгын билдирди. Абдалла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх Сауд Арабиясы - Кыргызстандын Президентинин расмий визитин күтүп жатышканын дагы баса белгиледи.