Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды салыштырмалуу туруктуу деп баалады. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди. Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын аталган тилкесинде күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Исфара-Ворух унаа жолунда кыймыл токтотулган. Баткен районунун Ак-Сай айылынан аялдар менен балдар коопсуз жайга көчүрүлдү.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү, ошондой эле укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү чыр чатакка жол бербей алдын алуу жана анын күчөп кетишине жол бербөө үчүн биргеликте иш-аракеттерди жасап жатышат.

Расмий маалымат боюнча 22-июль күнү саат кечки 17:20лар чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кетишкен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылындагы желектердин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта ачууга алдырган адам аңчылык мылтыктан ок аткан. Чек ара кызматынын маалыматында андан кыргызстандын 14 жараны жабыркады.