Жаңылыктар
ЖК: жаңы төрага шайланат
Саясат
ЖК: жаңы төрага шайланат

Жогорку Кеңеш төрагасы жок иштеп жатканына бүгүн толук 12 күн болду. Өткөн жумада спикерди шайлоодо эки талапкер тең чыгып, төрага кызматына отурууга жетештүү добуш ала алышкан эмес. Аптанын этегинде жаңы талапкердерди көрсөтүү боюнча фракцияларда жыйындар болуп, Парламенттеги дээрлик көпчүлүк фракциялардын позициялары маалым болду. Деген менен азырынча ачык позициясын айта электери да бар. Маселен Кыргызстан Социал-Демократтар, Ата Мекен жана «Республика – Ата Журт» фракциялары КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин парламенттин спикери кызматына колдогонун билдирди. Коалиция курамындагы “Кыргызстан” менен оппозициялык Бирбол фракциялары азырынча ачык пикирин айта элек. Ал эми коалициядагы “Өнүгүү-прогресс” фракциясы башка позицияда. 6-чакырылыштагы парламенттин жаңы спикерин тандоо ушул апта уланат.

Бул аптада кыргыз парламентине жаңы төрага шайланат. Легендарлуу Парламенттен берки 15-спикер Асылбек Жээнбеков 13-апрелде кызматын тапшырган. 16-спикердин аты ушул аптада анык болот. Фракцияларда бул маселе кызуу талкууга алынып жатат.

Парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген Өнүгүү-прогресс фракциясы Жогорку Кенештин төрагасына талапкер маселесин бүгүн, дүйшөмбү күнү карайт. Фракция лидери Бакыт Төрөбаев төрага кызмат ордуна талапкер альтернативдүү атаандаштыктын негизинде келиши керек деген пикирде. Бул тууралуу ал “Биринчи радиого” берген маегинде айтты. 

Өткөн аптада төрагага шайлоо болуп, талапкерлер Кыргыстан фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен Өнүгүү-прогресс фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаевдин ар бирине 51ден добуш тийди. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык 60тан ашык депутаттын колдоосуна ээ болгон талапкер Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына отурмак. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, эми башка талапкерлердин катышуусу менен жаңы шайлоо өтүшү керек.

Өткөн жуманын соңунда фракцияларды бул маселе кызуу талкууга алынды.  СДПК, Ата Мекен жана «Республика – Ата Журт» фракциялары Кыргызстан Социал-Демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин парламенттин спикери кызматына колдогонун КСДП фракциясынын мүчөсү Иса Өмүркулов “Биринчи радиого” билдирген:

Республика-Ата Журт фракциясы өлкөдөгү бүгүнкү кырдаалды эске алып, Парламенттеги биримдикти коомчулукка үлгү катары көрсөтүү  үчүн Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин жактырганын фракция мүчөсү Табылды Тиллаев дагы “Биринчи радиого” билдирди.

Экс-спикер Асылбек Жээнбеков бир тууган агасы Сооронбай Жээнбековдун өкмөт башчылыгына келишине байланыштуу кызматын тапшырган. Азырынча Жогорку Кеңештин жыйындарын төраганын орун басарлары алып барышууда.

Бозулан Ысаков, “Биринчи Радио”