Жаңылыктар
Биздин өспүрүм хоккейчилер алдыда
Спорт
Биздин өспүрүм хоккейчилер алдыда

Бишкектин хоккей боюнча өспүрүмдөр курама командасы Чехияда өтүп жаткан эл аралык турнирде экинчи жолу жеңишке жетти. "Чех шайбасы" аталышындагы турнир 5 команданын катышуусунда 21-июлда башталган.

Регламентке ылайык, командалар бир эле айлампа ойноп, эң көп упай топтогон команда алдыга чыгат. 3-турдагы беттеште Кыргызстандын командасы Чехиянын командасын 9:1 эсебинде жеңип алды.

Хоккей федерациясынын маалыматында, 2-турдагы мелдеште кыргызстандык команда Германиялык хоккейчилерди 10:6 эсебинде жеңген. 23-июлда 4-тур болот. Биздин хоккейчилер IHC Písek 2010 командасына каршы ойношот.