Жаңылыктар
Манас Ниязов АКШнын көк бөрү командасын машыктыруу үчүн чакырылды
Спорт
Манас Ниязов АКШнын көк бөрү командасын машыктыруу үчүн чакырылды

Кыргызстандын мыкты улакчыларынын бири Манас Ниязов АКШнын көк бөрү командасын машыктыруу үчүн чакырылды. Бул маалыматты Ниязов өзү тастыктады. Улакчы америкалыктардын сунушун азырынча кабыл ала элек. Бирок, эгер шарты туура келсе барып машыктырууга даяр экенин билдирди.

"Былтыр Көчмөндөр оюндарында АКШдан келген көк бөрүчүлөр менен таанышканбыз. Алар мага белектерин берип, телефон номеримди алып калышкан. Бир ай мурун чалып чакырышты. Учурда жол-жобосу, шарт-талаптарын сүйлөшүп жатабыз. Эгер ылайыктуу болсо барып келем", - деди улакчы.

Манас Ниязов 26 жашта, Борбордук Азия гана эмес чет өлкөлөргө чейин көк бөрү сүйүүчүлөрүнө таанылган мыкты улакчылардын бири. Ош облусунун "Достук" командасынын негизги чабуулчусу.

Кыргызстандын курама командасында дагы ойнойт. Бир нече ирет "Мыкты чабуулчу", "Мыкты улакчы" аталган. Ал ойногон "Достук" Кыргызстандагы күчтүү командалардын сап башында турат.