Жаңылыктар
Эл аралык ат оюндарындагы жеңиш
Спорт
Эл аралык ат оюндарындагы жеңиш

Кыргызстандык спортчу Камиль Сабитов ат оюндары боюнча өткөн Евразия биринчилигинде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады. 

Турнир Орусиянын Москва шаарында өттү. Жарыштын финалдык баскычында Камиль Сабитов минип чыккан Кармен ысымдуу ат 145 см бийиктиктеги конкурдан секирип, биринчиликти багындырды. Камиль Сабитов россиялык эки спортчуну артта калтырган.