Жаңылыктар
Салык кызматкери кызы менен 1800 доллар өлчөмүндөгү пара алып жатып кармалды
Коррупция
Салык кызматкери кызы менен 1800 доллар өлчөмүндөгү пара алып жатып кармалды

 Салык кызматынын Ысык-Ата району боюнча башкармалыгынын сектор башчысы  1800 доллар өлчөмүндөгү пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу “Биринчи радиого”  аталган кызматтан кабарлады.  Маалыматка ылайык, мекемеге  жеке ишкер кайрылып,  көп убакыттан бери   “бизнести тынч жүргүзүү” үчүн 200 миң сом талап кылып жүргөнүн айткан. 

Пара талап кылуу фактысы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүү 1800 доллар өлчөмүндөгү пара алганы келгенде кармалды. Ошондой эле бул ишке тиешеси бар деп шектелүүчүнүн кызы дагы колго түшүрүлдү.