Жаңылыктар
Нарында жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Нарында жер титирөө катталды

 Нарын  аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жер титирөө Нарын районунун Ак-Кыя айылында - 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.