Жаңылыктар
«Ак-Тилек автожолу» өткөрүү түйүнүндө жаңы көпүрө курулат
Экономика
«Ак-Тилек автожолу» өткөрүү түйүнүндө жаңы көпүрө курулат

«Ак-Тилек автожолу»  өткөрүү түйүнүндө жаңы көпүрө пайда болот. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков аталган өткөрүү пунктуна барганда Транспорт министрлигине тапшырма берди. Курулуш иштерине Казак тарапты тартса болорун белгилеген премьер-министр, чек ара аркылуу өтүүдөгү документерди толтуруу процесси менен таанышып чыкты.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине жуурулушуу шартындагы чекара пункттарынын иши менен таанышуу максатында «Актилек-автожолу» көзөмөл-өткөрмө пунктуна барып, жеринде абал менен таанышты. Премьер-министр чек арадан өтүп жаткан эл менен баарлашып, алардын документтерди толтуруу мезгилинин узактыгына жана узун кезекке болгон дооматын укту.

Буга байланыштуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тийиштүү мамлекеттик органдарга көзөмөл-өткөрмө пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында анын инфраструктурасын жакшыртуу тапшырмасын берди. Ары-бери өтүп жаткан элге өткөрүү бекетиндеги кызматкерлердин документтерди толтуруусуна жардамдашып, тез арада кезек күтүү көрүнүшүн жоюу талабын койду.

Премьер-министр мындан тышкары  пункттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине кыргыз-казак мамлекеттик чекарасынын аталган тилкесине кошумча көпүрөнүн курулушун жыйынтыктоо тапшырмасын берди. Ал эми Чүй облусунун губернатору Бактыбек Кудайбергеновго казак тарап менен көпүрөнүн курулушу боюнча биргелешкен иштерди өткөрүү үчүн сүйлөшүүлөрдү активдештирүү иши тапшырылды.

Мындан тышкары премьер-министр, экономика министрлигине кыска мөөнөт аралыгында бажы органдарынын имараттарын Мамлекетик чекара кызматынын балансына өткөрүү боюнча бардык уюштуруу маселелерин жыйынтыктоо тапшырылды. Муну менен катар өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертизалоо борборунада дагы болуп, аталган борбордун лабораториялары облус борборлорундагы башка калктуу пункттарда да түзүлүшү зарылдыгына токтолду.

Премьер-министр  өлкөнүн тийиштүү инфраструктурасын Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына ыңгайлаштыруу жаатындагы түзүлгөн кырдаал менен таанышуу максатында өткөрүү бекети менен лабораториялардын иши менен жеринде таанышып чыкты жана айтылган бардык маселелер боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

М.Абдраманова, “Биринчи радио”