Бишкек шаарынын хоккей боюнча командасы Чехиядагы балдар арасындагы эл аралык турнирде экинчи жолу жеңишке жетти.
Мелдеш 21-июлда 5 команданын катышуусунда Писек шаарында башталган. Регламент боюнча, командалар бир айлампа ойноп, эң көп упай топтогон тайпа жеңүүчү болот.
Кыргызстандык хоккейчилер экинчи турда чехиялык команда (HC Veselí nad Lužnicí) менен беттешип, 9:1 эсебинде жеңишке жетти. Биринчи турда дагы Кыргызстандын командасы германиялык хоккейчилер менен беттешип, 10:6 эсебинде жеңишке жеткен .