Жаңылыктар
Разаков коопсуздукту күчтөндүрүүнү тапшырды
Чек ара
Разаков коопсуздукту күчтөндүрүүнү тапшырды

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу Баткен облусунда жана чектеш аймактарда коопсуздукту, укук тартибин камсыздоо иштерин күчтөндүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Разаков кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 22-июлдагы окуядан кийин азыркы кырдаал менен таанышуу үчүн 23-июлда Баткенге барган. Ал Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен чукул жыйын өткөрдү. 

Жабыр тартып, Баткен ооруканасында жаткан жарандардан, коопсуз жайга убактылуу көчүрүлгөн тургундардан кабар алды. Ак-Сай айылынын эвакуацияланган жашоочуларын, жапа чеккендерди зарыл дары-дармек, азык-түлүк, керектүү буюмдар, кийим-кече менен камсыздоо милденттендирилди.