Жаңылыктар
Үч жылга каралган экономикалык өнүгүү долбоору Ысык-Көл облусунда ишке ашырылат
Экономика
Үч жылга каралган экономикалык өнүгүү долбоору Ысык-Көл облусунда ишке ашырылат

Кыргызстандагы чакан жана орто ишканалардын потенциалын жогорулатуу максатында мөмө-жемиштерди экспорттоо үчүн Щвейцария 970 миң АКШ долларын бөлөт. Бул долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча Президент Сооронбай Жээнбековдун Щвейцарияга болгон иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда документке кол коюлган болчу.

Кыргызстан үч жыл мурда Европа базарына 6 миңден ашык товарды бажы төлөмүсүз жеткирүүдө жеңилдиктер каралган ВСП+ макамын алган. Эми бул иштерди жүзөгө ашыруу Щвейцария өкмөтү тарабынан каржылана турган долбоор аркылуу улантылат. Долбоор үчүн 970 миң АКШ доллары бөлүнөт. Анда чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүү менен алардын ири рынокко чыгышына шарт түзүлмөкчү.


Эл аралык стандарттардын жана техникалык регламенттердин чакан жана орто ишканалар тарабынан сактоо мүмкүндүгүн жогорулатууга да көңүл бурулат. Мөмөлөрдүн кошумча наркын түзүү чынжырчасында стандарттарды сактоо менен продукциянын сапатын жогорулатууга маани берилет. Ал үчүн 200 миң АКШ долларына талапка жооп бере турган жабдыктар сатылып алынат.

Үч жылга каралган экономикалык өнүгүү долбоору Ысык-Көл облусунда ишке ашырылат. Аймакта өскөн мөмө-жемиштердин баасы жогорулап, экспорттолушу ишканалар үчүн, ошону менен бирге багбандарга да пайда келтирмекчи. Облуста учурда өрүктүн эле 20дай түрү өстүрүлөт.