Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасында учурда абал туруктуу
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасында учурда абал туруктуу

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы участокто абал туруктуу деп билдирди. 23-июлда Баткен районунун Дача айылында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматы, ички иштер министрлигинин жетекчилеринин жолугушуусу болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тарааптын укук коргоо органдары өз аймагында тартипти камсыздап, калктуу пунктарда көзөмөлдү жүргүү чечими кабыл алынды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бөлүмдөрү мамлекеттик чек аранын окуя болгон участогунда биргелешкен көзөмөлдү жасашат.

Исфара-Ворух жана Исфана-Баткен унаа жолунда кыймыл токтотулду деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү.

Ошондой эле Кыргызстандын жана Тажикстандын вице-премьер-министрлери да кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги окуя боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар окуяны биргелешип иликтөө жөнүндө чечим кабыл алышты. Мындан тышкары тараптар биргелешип күзөтүүгө, ошондой эле эки мамлекеттин калкы арасында түшүндүрүү иштерин улантууга макулдашышты. Жергиликтүү бийлик органдары кырдаалды көзөмөлдөө жана мониторинг жасоо иштерин улантышууда.