Жаңылыктар
“Оймо” эл аралык фестивалы жакында башталат
Маданият
“Оймо” эл аралык фестивалы жакында башталат

Жыл сайын салт катары өткөрүлүп келе жаткан “Оймо” эл аралык фестивалы 25-июлда башталат. Маданий мурастарды сактап калуу, салттуу билимдердин муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу максатында уюштурулган иш-чара Бишкек шаарында, андан соң 30-июлдан 4-августка чейин Ысык-Көл облусунда уланат. 

Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Афганистан, Өзбекстан, Грузия, Россия, Индия өлкөлөрүнөн жалпы 60ка жакын кол өнөрчүлөр катышат. “Оймо” эл аралык фестивалы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен быйыл 14 ирет уюштурулууда. Фестиваль 2016-жылдан бери өткөрүлүп келет.