Жаңылыктар
Хабаровскте 3 күндүк аза күтүү жарыяланды
Дүйнө
Хабаровскте 3 күндүк аза күтүү  жарыяланды

 Хабаровскинин "Холдоми" лагеринде чыккан өрттөн 4 бала каза болду. Өрт 23-июлга караган түнү чыккан. Балдардын бирөө ошол жерден жан берсе, калган үчөө катуу алган күйүктөн реанимациядан эсине келбей каза болушкан. 

Бир өспүрүм башкаларды оттон сактайм деп күйгөн. Жергиликтүү маалымат булактар аны комадан чыга элек деп маалымат берүүдө. Жалпы 20дан ашык чатырча күйүп кетти. 180ден ашык бала эвакуацияланган. 

Өрттүн себеби, иштебей калган жылыткычтан улам болушу мүмкүн деп айтылууда. Базанын кызматкерлери өрттү өз алдынча өчүрүүгө аракет кылып, өрт өчүрүүчүлөрдү кеч болуп калганда чакырышкан. Учурда кылмыш иши козголуп, кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Хабаровскте 4 баланын көз жумгандыгына байланыштуу  3 күндүк аза күтүү  жарыяланды.   Балдардын үй-бүлөлөрүнө  аларды  жерге берүүну уюштурууга  материалдык жардам көрсөтүлөт. 

Учурда  Хабаровскидеги ооруканада  газга  ууланган  2 бала  жатат.  Алардын абалы  канагаттандырарлык деп бааланат.