Жаңылыктар
Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин жолугушуусуна даярдыктар көрүлүүдө
Чек ара
Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин жолугушуусуна даярдыктар көрүлүүдө

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон жолугушуусуна даярдык жүрүүдө. Учурда өлкө башчыларынын жолугушуусун уюштуруу аракеттери жүрүүдө. Жолугушууда күн тартибине киргизилген бир катар маселелер жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо маселелери каралары күтүлүүдө. 

Кыргызстандын жана Тажикстандын Президенттери жолугушаары бул конфликтке чейин эле маалымдалган болчу. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгилегендей буга чейин башталган даярдык дагы эле улантылууда. Жолугушуу кайсы күнү жана кайсыл жерде болоору дагы толук маалымдалат. Айрым маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, жолугушуу Исфарада өтүшү күтүлүүдө.

Эске салсак, июль айынын башында, Президент Баткен облусуна иш сапары менен барган учурда дагы чек ара маселеси талкууланган. Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын өлкө башчылары, Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон ар бир жолугушуусунда жана телефон аркылуу дагы ар дайым эки өлкөнүн чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү байма-бай өткөрүп турушат.