Жаңылыктар
Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн 13-айлампасы өтөт
Дүйнө
Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн 13-айлампасы өтөт

 Нур-Султан шаарында Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн 13-айлампасы өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн  тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянуу менен  чет элдик маалымат каражаттары  жазды.  

Отурум  1-2-августка белгиленген.  Жыйынга Сириядагы тынчтыкка кепил өлкөлөр Иран,  Россия, Түркиянын делегациялары жана Сирия өкмөтү менен каршылаш тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусу  күтүлүүдө.  

Жыйында  Сириядагы азыркы кырдаал  каралат. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүндө  Сирия өкмөтү жана каршылаш тараптардын катышуусунда эки жана көп тараптуу жолугушуулар  өтөт.

Сирия тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча жалпы жыйын 2-августка белгиленди.