Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасында  абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында  абал туруктуу. Бул тууралуу “Биринчи  радиого” Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара кайтаруу башкы башкармалыгынын башчысы  Куватбек Жеенбаев билдирди. Анын  белгилешинче, чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда.

 

Кечээ  күнү  окуяга  байланыштуу атайын тергөө тобу түзүлгөн. Вице-премьер-министр  Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участогунда болуп,  окуя боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Тараптар окуяны биргелешип иликтөө жөнүндө чечим кабыл алышты.

Белгилей кетсек,  22-июлда  Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары  желектердин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган. Учурда Исфара – Ворух автожолу жабык . Тараптар  чырдын себептерин иликтеп, алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.  Ак-Сай айылынан аялдар жана балдар Баткен шаарындагы мектептерге  жайгаштырылды.