Жаңылыктар
Чек ара кызматы КР жарандарын чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырды
Чек ара
Чек ара кызматы КР жарандарын чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырды

Кыргызстандын чек ара кызматы “кыргыз-тажик чек арасына аскердик техникалар баратат” делген социалдык тармактардагы маалыматтар жана видеотасмалар чындыкка коошпой турганын маалымдады.

Мекеме, аскердик оор техникалардын кербени “Сары-Таш - 2019” машыгууларынан кийин Жалал-Абал облусуна баратканын, соцтармакка тараган видеотасма Жалал-Абадга бараткан ашууда тартылганын белгилеген.

Мындан улам мамлекеттик чек ара кызматы жарандарды чагымга алдырбай, маалыматтарды текшерип, талдап окууга чакырат.