Жаңылыктар
Катуу жааган жамгырдан Нью-Йоркту суу каптады
Дүйнө
Катуу жааган жамгырдан Нью-Йоркту суу каптады

Катуу жааган жамгыр Нью-Йорктун айрым бөлүгүндө суу каптоону жаратты. Аба ырайын маалымдоочу борбор шаарда суу ташкыны болушу мүмкүн деп билдирүү таратып, жарандарды этият болууга чакырды.

Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо Бруклин, Квинс жана Статен-Айленддин көчөлөрүн суу каптаганын көрүүгө болот. Айрым жерлерде суу терең болгондуктан, анда унаалар сүзүп калышты.