Жаңылыктар
АКШ жаңы коргоо министрин дайындады
Дүйнө
АКШ жаңы коргоо министрин дайындады

АКШ жаңы коргоо министрин дайындады. Сенат көпчүлүк добуш менен Марк Эспердин талапкерлигин жактырды. Эспердин талапкерлигин Дональд Трамп көрсөткөн. Ал бүгүн АКШ Президентинин катышуусунда ант берип, кызматына киришти. Мурдагы коргоо министри Джеймс Мэттис отсавкага кеткенден кийин бул кызмат жети ай бою бош турган. Мэттис Дональд Трамптын тышкы жана коргонуу саясаты менен макул болбой кызматын тапшырган. Пентагондун жетекчиси кызматы 70 жылдан бери мынчалык көп убакытка бош турган эмес. Марк Эспер - өзү мурдагы аскер адамы.