Жаңылыктар
4-кабаттан кулап кеткен 2 жаштагы кыздын абалы туруктуу
Кырсык
 4-кабаттан  кулап кеткен 2 жаштагы кыздын абалы туруктуу

Бишкек шаарында 4-кабаттан  кулап кеткен 2 жаштагы кыздын абалы туруктуу. 

Бул тууралуу  “Биринчи радиого” шаардык тез  жардам  балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков билдирди. Анын белгилешинче, учурда  кыз  жандандыруу бөлүмүндө жатат. 

Кечээ, 23-июлда  Бишкектеги  Гагарин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан  2017-жылы туулган   кыз  кулап кеткен. 

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн ыкчам тергөө иштери башталды.