Жаңылыктар
Чолпон-Атада биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өтүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
 Чолпон-Атада биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өтүп жатат

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өтүп жатат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга   Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын дипломатиялык жана аскер эксперттери катышууда.  Быйыл Биргелешкен көзөмөлдөө тобу  20 жылдыгын белгилейт. 

Делегаттар   "Москва" жана "Шанхай" макулдашууларынын талаптарын аткаруу маселелерин, ошондой эле   биринчи жарым жылдыктагы инспекциялык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын карап чыгышты.