Жаңылыктар
Хабаровск: фонтанга түшкөн 37 бала ичеги инфекциясы менен жабыркады
Дүйнө
Хабаровск: фонтанга түшкөн 37 бала ичеги инфекциясы менен жабыркады

Хабаровскиде  фонтанга түшкөндөн  кийин 37 бала ичеги инфекциясы менен жабыркады. 

Бул тууралуу РИА новости жазды. Маалыматка караганда, ооруканада 19 балага медициналык жардам көрсөтулүүдө.   

Лабораториялык изилдөөлөрдүн алдын ала    жыйынтыгында, балдардын анализинен  норовирус  чыккан.  Тиешелүу органдар  аталган фонтандын иштөөсүнө  тыюу салды.  Учурда  эпидемиологиялык изилдөөлөр уланууда.