Жаңылыктар
Жалал-Абад: жер көчкүдөн дарыянын ташкындоосу мүмкүн
Өзгөчө кырдаал
Жалал-Абад: жер көчкүдөн дарыянын ташкындоосу мүмкүн

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагында жер көчкү жүрүп, дарыянын агымын жаап калуу коркунучу пайда болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлагандай, учурда жер көчкүнүн кыймылы токтой элек. 

Мунун натыйжасында Алмалуу дарыясынын нугу бир аз өзгөрүлдү. Эгер жагдай өзгөрбөсө дарыянын агымы толугу менен тосулуп калат деген коркунуч бар. 

Эгер тосулган дарыя ташкындаса суунун ылдый жагында жайгашкан Алмалуу-Булак айылындагы 73 короо жайды каптап кетиши мүмкүн деп айтылууда. 

Азыркы тапта көлөмү 1,2 миллион куб метрге жеткен жер көчкүдөн жабыр тарткандар жок. Министрликтен билдиргендей, жакын аймакта жайгашкан эки чабандын үйүнө коркунуч жаралды. 

15-16-апрелде жүргүзүлгөн мониторинг иштеринен кийин бул аймакка жергиликтүү тургундар менен мал-жанды киргизбөө чечими кабыл алынган. Учурда жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.