Жаңылыктар
Чек арада жабыр тарткандар үчүн реанимобиль жана хирургдар жиберилди
Чек ара
Чек арада жабыр тарткандар үчүн реанимобиль жана хирургдар жиберилди

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам жаракат алган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна реанимобиль жана хирургдар жиберилди. 

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев жабырлануучулардын абалынан кабар алуу үчүн жерине барганда белгилүү болду. 

Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, чек ара жаңжалынан жабыр тарткандардын айрымдары Баткен облустук ооруканасында дарыланып жатат.