Жаңылыктар
Өкмөт 6 ай аралыгында кандай иштерди аткарды?
Саясат
Өкмөт 6 ай аралыгында кандай иштерди аткарды?

Аткаруу бийлиги жарым жылдагы алгылыктуу иштерди санады. Жол салуу, социалдык жайларды курууда бир катар жумуштар жасалыптыр.

“Бир жарым миллиард сом жумшалып, 102 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Коррупцияга каршы күрөштө өндүрүлгөн каражаттын 800 миллион сому мектептерди курууга жумшалып жатат”, - деп билдирди Премьер-министр.

Экономика министрлиги жарым жылда былтыркы жылдын алгачкы 6 айына салыштырмалуу ички дүң өнүм 6,4 пайызга өскөнүн кабарлаган. Мындай жогорку көрсөткүч бар экенин министр өкмөт жыйынында бышыктады. Айыл чарба, курулуш, өнөр жай, тейлөө жана соода тармагында натыйжалар байкалган.

Салык чогултууда аткарылган ишти өкмөт жетишсиз деп эсептейт. Себеби 6 айда ал 3 жарым миллиард сомго кыскарган. Буга байланыштуу тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо демилгеси көтөрүлүп келатат. Апта башында Салык кызматынын башчысы алмашты.

Салык өкмөт мерчемдеген көлөмдөн аз чогулганына карабай, айрым мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акылары жогорулатылды. Маселен жыл башынан бери Улуттук илимдер академиясында окумуштуулар, Мамлекеттик кадр кызматындагы адистер жана спорт тармагында машыктыруучулар маянаны көбүрөөк ала баштады.

Кыргызстанда орточо эмгек акы 16 миң сом экени белгиленди.

Өкмөт айыл чарба тармагын өлкө экономикасынын артыкчылыктуу багыты деп эсептейт. Жыл башынан бери дыйкан, фермерлерге 4 жарым миллиард сом жеңилдетилген насыя берилген. Үстөк пайызы 6дан 10 пайызга чейин. Аткаруу бийлиги аны 4 пайызга төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат.