Жаңылыктар
Өлкөдө инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө карата алгачкы кадамдар ташталды
Билим
Өлкөдө инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө карата алгачкы кадамдар ташталды

Кыргызстанда инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүгө карата алгачкы кадамдар ташталды. 2019-2023-жылдарга карата бекитилген концепцияга ылайык, эми бала бакча, мектептерде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ылайыктуу болгон шарттар түзүлөт. 

Өлкөдө 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны учурда 27 000ден ашык. Мындай абалдагы балдарды мектепке окутуу, коомчулукка кошуу жалгыз гана ата-энелердин колунан келбейт. 

Эми концепциянын алкагында, мугалим тарабынан өзгөчө мамиле жасалып, окутуунун өзгөчөлүктөрү эске алынат. 

“Ар бир педагогдорду ЖОЖдо даярдоодо инклюзивдик билим боюнча кеңири маалыматы бар болуп чыга баштайт. Эми атайын кесиптеги адистердин саны мектептерде, бала бакчаларда көбөйтүлөт”, - деп билдирди Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Ошондой эле, эски мектептердин инфраструктурасы жаңыртылат. Ал эми жаңы салынып жаткан мектептерде өзгөчө балдардын муктаждыктарына ылайыкталган шарт түзүлөт.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка толо элек балдарды окутуу максатында мектепке чейинки 14 атайын мектеп жана 18 атайын жалпы билим берүү мекемеси иштейт. Аларда 3 жаштан 18 жашка чейинки 5 миңден ашуун балдар тарбияланат. 

Эми инклюзивдик билим берүү аркылуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тең укуктуулукка ээ болот. Мамлекет тарабынан алардын коомго аралашуусуна бардык шарттар каралмакчы.