Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасы: калктуу пунктарда көзөмөл күчөтүлөт
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасы: калктуу пунктарда көзөмөл күчөтүлөт

24-июлда Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков баштаган топ Тажикстандын вице-премьер-министри башында турган делегация менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

Тараптар кечээ дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда эки жактын тең укук коргоо органдары өз аймагында тартипти камсыздап, калктуу пунктарда көзөмөлдү жүргүзүү чечими кабыл алынган. Муну менен катар Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бөлүмдөрү мамлекеттик чек аранын окуя болгон участогунда биргелешкен көзөмөл жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жеринде тийиштүү жетекчилер иштеп жатат.